Дональд Трамптын чач жасалгасынын сыры ачылды

© REUTERS / Susana Vera Открытие музея восковых фигур в Мадриде, Испания
Открытие музея восковых фигур в Мадриде, Испания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ башчысына операция жасалгандан кийин төбөсүндөгү чачы түшүп калганы айтылат

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп таз болуп калбаш үчүн атайын процедураларды жасаткандан кийин азыркыдай оригиналдуу чачка ээ болуп калганын журналист Майкл Вулфка шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, АКШ башчысына операция жасалгандан кийин төбөсүндөгү чачы түшүп калган. Эми аны көрүнбөгөндөй кылып жабыш үчүн чачы артка таралып, гель менен карматылат.

Американын азыркы президенти Дональд Трамптын кызы Иванка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иванка Трамптын АКШ президенти болуу ниети барбы?
Мындан тышкары, президенттин кызы Иванка журналисттерге атасынын чачынын түсү тууралуу да айтып берген жайы бар. Анын айтымында, Трамп сапатсыз боекторду колдонгондуктан чачынын түсү саргыч болуп калган.

Дональд Трамптын чачы көптөн бери эле социалдык тармактарда талкуу жаратып келет. Канчалаган колдонуучулар ал парик кийип жүрөт деп ойлоп келишкен. Бирок өткөн жылы NBC телеканалынын The Tonight Show юмордук программасынын алып баруучусу Трамптын уруксаты менен анын чачын тарткылап көрүп өзүнүн эле чачы экенин далилдеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0