Ой, тобо! Зоопарктагы гепард сегиз күчүк тууду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосковский зоопарк
Московский зоопарк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жырткыч жаныбардын үч күчүгү эркек болсо, бешөө ургаачы

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШнын Сент-Луис шаарындагы зоопарктагы гепард сегиз күчүк тууганын РИА Новости агенттиги билдирди.

​Бул окуя гепарддар арасында уникалдуу болуп саналат. Адатта алар 3-4 күчүк тууйт. Гепард ноябрь айынын аягында тууган, бирок зоопарктын жетекчилиги бул кабарды шаршемби күнү гана коомчулукка жарыялады.

Учурда жырткычтын абалы жакшы. Билдирүүдө аларды эл бир нече айдан кийин гана көрө алары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0