Нострадамустун 2018-жылы боло турган окуялар тууралуу айтканы

© AFP / BORIS HORVATНострадамус. Архив
Нострадамус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын алдын ала айткандарынын арасында экономикалык кыйроого алып келчү дүйнөлүк үчүнчү согуш башталат дегени бар

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Орто кылымдагы белгилүү астролог жана дарыгер Мишель де Нотрдам 2018-жылы жаратылыш кырсыктары менен кошо дүйнөлүк үчүнчү согуштун боло тургандыгын айткан. Бул туурасында Sputnik Молдова жазды.

Анын көзү ачыктыгы "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуулары" деп аталган китепте төрт саптар жана жүз саптар бирге берилген ырлары менен жазылган.

Астрологдун айтымында, дүйнөлүк үчүнчү согуш экономикалык кыйынчылыктарга алып келет. Адам баласы жаратылыш кырсыктарынан жабыркайт, алардын ичинде Италиядагы Везувий жанар тоосунун атылышы да айтылган. Эске сала кетсек, 79-жылы атылган бул вулкан Помпеи шаарынын кыйрашына алып келген. Андан сырткары, АКШнын батышында дүйнөнү селт эттирип жер бир нече ирет титирейт. Нострадамус 2018-жылы Жерге комета түшүп, токойлор көп өрттөнөрүн айткан.

Анын айткандарынын арасында көңүл жубатарлык учур — медицинанын өнүгүп-өрчүшү менен адам өмүрүнүн 200 жылга чейин созулушу болгон. Андан сырткары, адамдардын айбандар менен сүйлөшүүнү өздөштүрөрү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0