Ливерпулда өрт 1000ден ашуун унааны жарактан чыгарды

© REUTERS / PHIL NOBLEЛиверпулда 1,6 миң орунга ылайыкташкан көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайда чыккан өрт
Ливерпулда 1,6 миң орунга ылайыкташкан көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайда чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге алты өрт өчүрүүчү унаа тартылган

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Ливерпулда 1,6 миң орунга ылайыкташкан көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайда өрт чыгып, “ал жакта токтоп турган машиналардын” баары күйүп кеткен. Бул тууралуу Guardian гезитине таянып РИА Новости жазып чыкты.

Унаа токтотуучу жай жылкылардын эл аралык көргөзмөсү өтүп жаткан Echo Arena көңүл ачуучу жайдын жанында жайгашканы айтылууда. Өрттүн айынан шоуну токтотуп, жаныбарларды эвакуациялоого туура келген. Айланага тараган түтүндөн улам жергиликтүү тургундар үй-жайынан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

“Алдын ала иликтөө өрт бир унаанын ичинен кокусунан чыгып, калган машиналарга жайылып кеткенин аныктады. Биздин маалымат боюнча унаа токтотуучу жайда турган автолордун баары күйүп кеткен”, — дешти жергиликтүү полициядан.

Ливерпулдун мэри Джо Андерсон да бул маалыматты тастыктады.

“Өрт үчүнчү деңгээлде турган Land Rover унаасынан чыккан шекилдүү. Биринчи деңгээлде турган жылкылар алып чыгылды”, — деп жазган аткаминер Twitter баракчасына.

Окуя болгон жерге алты өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Кимдир бирөөнүн жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Билдирүүдө жаныбарлардын баары аман экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0