Москвада автобус элди коюп кеткен кырсыктын видеосу чыкты

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАвтобус врезался в остановку на северо-западе Москвы
Автобус врезался в остановку на северо-западе Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам жабыркап, кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Москвада автобус аялдамадагы элди сүзүп кеткен кырсык видеокаттоого түшүп калган. Аталган видеону РЕН-ТВ телеканалы жарыялады.

Эске салсак, жол кырсыгы 29-декабрь күнү эртең менен катталган.

Видеодо көрүнүп тургандай автобустун айдоочусу унаасын бурганга аракет кылып, бирок унаа башкарылбай жөө жүргүнчүлөрдүн арасына кирип кеткен.

Автобустун айдоочусу башка унаа менен кагышуудан качам деп рулду башкара албай калганын айткан.

Кырсык анча алыс эмес жерде турган унаанын регистраторуна да түшүп калган.

Аталган жол кырсыктын күнөөкөрү делип такси айдоочусу кармалды.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0