Булганган абанын түйүлдүк менен ымыркайга тийгизген терс таасири айтылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСмог в Москве
Смог в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече тест жасалгандан кийин дем алганда кирген зыяндуу абанын ар бир 10 микрограммы төрөлө турган ымыркайдын салмагын 4 граммга азайтары белгиленген

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Абанын булганышы басып жүргөн адамдын гана эмес, курсакта жаткан түйүлдүктүн андан аркы өнүгүшүнө, ымыркайдын салмагына терс таасирин тийгизет. Бул туурасында РИА Новости Times of India гезитине таянып билдирди.

Ченнаи шаарындагы Шри Рамачандра университетиндеги окумуштуулар тобу илимий изилдөөсүнүн жыйынтыгында жогорудагыдай тыянакка келишкен.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Грипп аялдарга караганда эркектерди эмне үчүн дароо төшөккө жыгары айтылды
Бир нече тест жасалгандан кийин дем алганда кирген зыяндуу абанын ар бир 10 микрограммы төрөлө турган ымыркайдын салмагын 4 граммга азайтары айтылган.

Окумуштуулар Ченнаи шаарындагы жана жакын жайгашкан аймактагы кош бойлуу аялдардын 1200исине эксперимент жасап көргөн. Жаңы төрөлгөн бөбөктөрдүн салмагынын жетишсиздиги аларда жүрөк оорудан тарта гипертония, диабет сыяктуу олуттуу оорулардын пайда болушун шарттары келтирилген.

Илимпоздор абаны шаар жеринде негизинен жеке автоунаалардан бөлүнүп чыккан заттар, ал эми элетте жагылган көмүр, отун жана чым көң булгай турганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0