1-январдан тарта WhatsApp айрым смартфондордо иштебей калат. Тизме

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр дагы мессенджер жыл бою ушундай билдирүү тараткан

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. WhatsApp мессенджеринин өкүлдөрү 2018-жылдан тарта айрым операциялык системалар менен иштешпей турган болду. Бул тууралуу International Business Times басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, WhatsApp 1-январдан баштап Windows 8.0 менен иштеген смартфондордо, Nokia S40, BlackBerry OS жана BlackBerry 10 аппараттарында ишин токтото баштайт. Бирок бардыгы бир учурда эмес, акырындык менен ишке ашары айтылды.

Анткен менен былтыр дагы мессенджер жыл бою ушундай билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0