Индия океанында жети ай бою жүргөн моряк мышыгы менен куткарылды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДеңиздеги кеме. Архив
Деңиздеги кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал аябай алсырап, арыктап калганын куткаруучулар билдиришти

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Рождество күнү Реюньон аралдарынын жээгинен жети ай бою бузулган кеме менен деңизде жүргөн поляк саякатчы куткарылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Франциянын суу куткаруучулары коомуна (SNSM) таянуу менен билдирди.

Аталган коомдун Facebook баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, 56 жаштагы Збигнев Рекет 20 майда Самира аймагынан Түштүк Африканын Комор аралдарын көздөй багыт алган. Анын жанында бир гана мышыгы болгон.

Деңизге чыкканда кеменин кыймылдаткычы бузулуп калып, аны деңиз агымы алып кеткен.

"Кемени башкара албай калдым. Деңиз агымы Сомалинин, Мальдив аралдарынын, Индонезиянын, Маврикиянын жээктерине алып барды. Эми минтип Реюньондун жээгине келдим. Буга чейин деле кургак жерди көргөнүм менен ал жакка кемени токтото алган жокмун", — деп Рекет айтып берген.

Саякатчынын жанында бир дагы байланыш аппараты болгон эмес. Ошондой эле бир айга жете турган гана азык камдаган. Андыктан жаандын суусун ичип, балык кармап өзөк жалгаганга аргасыз болгон.

Куткаруучулар саякатчыны 25-декабрда таап, жээкке алып чыгышкан. Ал аябай алсырап, арыктап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0