Киши кайсы куракта көп нерсени үйрөнүүгө жөндөмдүү экени аныкталды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЛаборатория биомедицинских клеточных технологий во Владивостоке
Лаборатория биомедицинских клеточных технологий во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө сегиз жаштан 25 жашка чейинки 232 киши катышкан

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 17 жаштан 20 жашка чейинки куракта адам жаңы нерселерди оңой кабыл алат. Тийиштүү иликтөөнүн жыйынтыгы Nature Communication журналына жарыяланды.

Мээнин рентген сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар достор менен тынбай баарлашуу мээге кандай таасир этерин аныкташты
Нидерланддагы Лейден университетинин адистери неврологиялык оорулар менен оорубаган сегиз жаштан 25 жашка чейинки 232 кишиге эксперимент жасашкан. Сыноо учурунда катышуучулар компьютердин жардамы менен логикалык тапшырманы чыгарышы керек болчу.

Окумуштуулар тапшырманы аткарып жаткан кишилердин мээсин сканерлеп, 17 жаштан 20 жашка чейинкилердин мээси башкаларга караганда активдүү иштегенин аныкташкан.

Илим адамдары дал ушул куракта жаңы нерселерди үйрөнүп, аны жеңил кабыл алат деп жыйынтык чыгарышкан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0