Үй-бүлөлүүлөр жашоодон ырахат ала албай калабы? Окумуштуулардын жообу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮй-бүлө. Архив
Үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки иликтөөлөр жаш кезинде жалгыз бой жүргөн адамдар карыганда коомдон алыстап, жүрөк оорулары менен көп жабыркай турганын көрсөткөн

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жалгыз бой адамдарга караганда үй-бүлөлүүлөр жашоодон көбүрөөк ырахат аларын канадалык окумуштуулар аныкташты. Бул тууралуу Journal of Happiness Studies журналына шилтеме берип РИА Новисти агенттиги жазды.

Ванкувер экономикалык мектебинин кызматкерлери Шон Гровер менен Жон Хэлливелл 30 миң адамдын үй-бүлөлүк макамын көрсөтүп, өздөрүнүн моралдык-психологиялык абалына баа берген анкетасын текшерип чыгышкан.

"Коомдо башы бош адамдар эркин, өзү каалагандай жашайт деген түшүнүк болгону менен үй-бүлөлүүлөр өздөрүнүн жашоодон көбүрөөк ырахат аларын айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейинки иликтөөлөр жаш кезинде бой жүргөн адамдар карыганда коомдон алыстап, жүрөк оорулары менен көп жабыркай турганын көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0