Nissan Россиядан 128 миң автоунаасын чакыртып алды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүNissan автоунаасы. Архив
Nissan автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автонунаалар текшерүүдөн өтүп, эгерде коопсуздук жаздыкчалардын ишинде мүчүлүштүктөр табылса, алмаштыруу каралган

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиядагы Nissan өзүнүн Note жана Tiida үлгүсүндөгү 128 автоунаасын чакыртып алды. Буга анын коопсуздук жаздыкчаларынын туура эмес иштеши себеп болгонун РИА Новости жазды.

Концерн 2008-жылдын 30-августунан 2014-жылдын 1-авгусуна чейин чыгарылган автокөлүктөрдү текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын кабарлады.

"Nissan (Note (E11), Tiida (C11) автоунаалардын айдоочу тарабындагы коопсуздук жаздыкчалары туура эмес иштеп жатат. Takata компаниясынын изилдөөсүндө анын себептери газгенераторлордун пиротехникалык патрондорунун ишинде кемчилик бар экендиги айтылган. Алар 2005-жылдан 20014-жылга чейин өндүрүлгөн", — деп айтылган маалыматта.

Автоунаалар текшерүүдөн өтүп, эгерде аталган жаздыкчалардын ишинде мүчүлүштүктөр табылса, алмаштыруу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0