Кабулов: "Ислам мамлекети" террордук тобунун күчү Афганистанда чыңалууда

© REUTERS / Omar Sobhani/File PhotoАфган аскер жоокери. Архив
Афган аскер жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын маалыматына ылайык, топко мүчө болгондордун саны 10 миңден ашат

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу өз күчүн Афганистанда чыңдап жатат. Бул тууралуу Россия президентинин атайын өкүлү, РФтин ТИМинин Азиядагы экинчи департаментинин президенти Замир Кабулов РИА Новостиге маек берип жатканда билдирген. 

Маалыматка ылайык, топтун саны 10 миңден ашат. Алардын көбү Сириядан жана Ирактан келип жатат.

"Россия биринчилерден болуп, Афганистандагы аталган террордук топтун пайда болушу боюнча коңгуроо каккан. Акыркы убакта "Ислам мамлекети" өлкөдө күчүн чыңдап алды. Биздеги маалыматтарга карганда, мүчөлөрүнүн саны 10 миңден ашат. Көбүнчө Сирия жана Ирактын согушкерлеринен тажрыйба алып, саны улам көбөйүүдө", — деген Кабулов.

Ислам мамлекетинин башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекетинин" башчысы АКШнын Сириядагы аскер базасында кармалып турат
Ал ошондой эле, "Ислам мамлекети" түндүк Афганистанга, Тажикстандын чек ара аймактарына жана Түркмөнстандын провинцияларына багыт алганын кошумчалады.

"Бизди өзгөчө жакында эле Жаузджан жана Сари-Пуль провинцияларындагы Алжир менен Франциянын жарандары болгон согушкерлердин байкалышы тынчсыздандырып жатат", — деген Кабулов.

Ал "Ислам мамлекети" Афганистанды өзүнүн жөлөгү катары жаткандыгын, бул биринчиден Борбор Азия жана Россиянын түштүк аймактарында коркунуч туудуруп жаткандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0