Мексикада наркобаронду сындаган 17 жашар блогер атылды

© REUTERS / Carlos JassoМексиканын полиция кызматкери. Архив
Мексиканын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигитке кол салгандар табыла элек, бирок полиция муну Немесио Осегера Сервантест аттуу адамдын өч алуусу деп баалоодо

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Мексикада наркобаронго катуу сүйлөп койгон 17 жашар блогерди атып салышканын социалдык тармактарга шилетеме берип РИА Новости жазды. 

Убийство в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кеминде 17 жаштагы баланы муунтуп өлтүрүүгө шектелип 7 курдашы кармалды
Эки жылдан бери социалдык тармактарда "Кулиакандык каракчы" деген каймана ат менен аты чыккан блогердин өз аты  Хуане Луисе Лагунас болуп чыкты. Анын баракчаларынан көбүнесе кымбат унаа, сулуу аял, курал, полиция жана ичимдиктердин сүрөтүн көрүүгө болот.

Ал өзүнүн аккаунттарынын бирине жергиликтүү накобарон Немесио Осегера Сервантестин дарегине сексуалдык маанайдагы курч сын жазган.

"Көп өтпөй эле блогерди Халиско штатындагы барлардын биринен атып кетишти. Кийин адистер анын денесинен 15 ок алып чыгышты", — деп жазылат макалада.

Маалыматка караганда, ага кол салгандар табыла элек. Бирок полиция муну Немесио Осегера Сервантест тарабынан өч алуу деп баалоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0