Ник Вуйчич ымыркай кыздарынын алгачкы сүрөтүн көрсөттү

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүМотивациялык оратор жана жазуучу Ник Вуйчич. Архив
Мотивациялык оратор жана жазуучу Ник Вуйчич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оратордун айтымында жубайы менен кыздарынын абалы жакшы

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 35 жаштагы мотивациялык оратор жана жазуучу Ник Вуйчич эгиз кыздуу болду. Бул тууралуу анын Facebook баракчасында

"Биз үчүн санаа тартып бата бергендерге рахмат. Чүрпөлөрүбүз Оливия жана Элли апасынын туулган күнүндө жарыкка келишти",— деди оратор.

Оливия — 2 килограмм 320 грамм, Элли — 2 килограмм 660 грамм салмакта төрөлгөн. Вуйчичтин айтымында, жубайы Канаенин жана кыздарынын абалы жакшы.

2012-жылы белгилүү оратор Канае Минахара аттуу кызга баш кошкон. Жубайлардын дагы эки уулу бар. Улуусу Киеси үч, кичүүсү Дежан эки жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0