Россияда жемкорлордун реестри түзүлөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссия рубли жана АКШ долларлары. Архив
Россия рубли жана АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жемкорлордун реестрин түзүү жөнүндөгү мыйзам долбоору сентябрь айында сунушталган

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россиянын Мамдумасы жемкорлордун реестрин түзүү жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алынганын РИА Новости агенттиги билдирди.

Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байкоочу кеңеш: жаңы үйгө электр кубатын киргизүү үчүн 20 миң доллар пара сурашат
Бул тизмеге коррупциялык кылмыштарга аралашып ишеничтен кеткен аткаминерлер кирет. Андагы маалыматтар беш жыл бою сакталып, федералдык мамлекеттин маалымат системасына киргизилип, интернеттен жеткиликтүү болот.

Владимир Путиндин 2016-жылы 11-августта кол койгон буйругуна ылайык, федералдык мамлекеттик органдар аталган маалымат системасын 2019-жылга чейин өздөштүрүп, ишинде колдонуп башташы керек.

Жемкорлордун реестрин түзүү жөнүндөгү мыйзам долбоору сентябрь айында сунушталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0