Индиядагы үлпөт тойдо жапайы жолборс пайда болуп, элди ызы-чууга түшүрдү

Жазылуу
Жырткыч жаныбар үлпөт той болуп жаткан учурда капысынан пайда болуп, чогулгандардын жанынан шашпай өтүп кеткен.

Буйвол напал на львицу и подбросил рогами в воздух — видео из ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Жаалданган буйвол арстанды мүйүзү менен челип ыргытты. Видео
Индиянын Мадхья-Прадеш жана Махараштра штаттарынын чек арасында жайгашкан Масулхапа айылынын тургундары жолборстон чатырга чыга качып аман калышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги UPI басылмасына таянуу менен билдирди.

Жырткыч үлпөт той болуп жаткан учурда капысынан пайда болуп, чогулгандарга жакын жерден шашпай өтүп кеткен. Чуулдаган кишилердин айрымдары жан далбастап чатырга чыга качышкан.

Бактыга жараша жырткыч эч кимге кол салган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0