Адистер 2017-жылдагы эң оңой делген сыр сөздөрдү аташты

© AFP / SAUL LOEB Доступ к интернету в КР
Доступ к интернету в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер сындырылган 5 миллионго жакын сыр сөздөрдү тизмектеп чыкты

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Аналитикалык SplashData компаниясынын адистери 2017-жылдагы эң оңой жана ишенимсиз сыр сөздөрдү тизмектеп чыкты. Бул туурасында РИА Новости CSO порталына шилтеме кылып кабарлады.

Ноутбукта иштеп жаткан адамын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түркиялык хакер Америкада кибер уурулук үчүн сегиз жылга кесилди
Эксперттер хакерлер оңой таап алган 5 миллионго жакын сыр сөздөрдү анализдеп чыкты. Эң эле оңой деп "123456" паролу аныкталса, экинчи орунга password ("пароль"), ал эми андан кийинкиси "12345678" деген вариант болуп чыкты.

Сандардан турган паролдордон башка эл арасына "Звездные войны" киноэпопеясына байланышкан сөздөр кеңири жайылган. Аналитиктер хакерлер коомдогу актуалдуу көрүнүштөрдү байкап турушарын жана поп-маданиятка байланышкан терминдерди алеки заматта таап коюшарын айтышкан.

Адистер сыр катары колдонулган сөздөрдүн бир-эки тамгасын өзгөртүп коюп, компоюп жүрө берүү жетишсиз экендигин айтышкан. Бул вариант да хакерлер үчүн эң оңой машакаттардан болуп саналат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0