Mercedes Россиядан G-класстагы 887 автоунааны чакыртып алууда

© AFPMercedes-Benz автоунаасы. Архив
Mercedes-Benz автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоконцерн автоунаанын кожоюндарына оңдоп-түзөө иштерин бекер жүргүзүп бермей болду.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Mercedes брендинин Россиядагы ыйгарымдуу өкүлү Mercedes-Benz G-классынын электрондук системасын башкаруу блогундагы көйгөйдөн улам 900 автоунааны чакыртып алды. Бул туурасында РИА Новости Росстандартка шилтеме кылып кабарлады. 

Анда акыркы эки жыл ичинде сатылып кеткен 887 автокөлүктү кайра чакыртып алуу туурасында айтылган.

"Анын себеби электрондук системасынын башкаруу блогундагы көйгөй болууда. Ал спецификацияга туура келбей жатат", — деп баяндалган маалыматта.

Автоконцерн автоунаанын кожоюндарына оңдоп-түзөө иштерин бекер жүргүзүп бермей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0