Окумуштуулар жүрөк оорусунун жаңы себептерин билишти

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДарыгер операция учрунда. Архив
Дарыгер операция учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптөгөн илимий изилдөөлөрдү анализдеп жатып, окумуштуулар кичине кезинде "жан дүйнөсү жараланып калгандар" кийин ар түрдүү ооруга кабылып калышы мүмкүн экенин аныкташкан.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Зордук-зомбулукка кабылган же күбө болгон балдар жана өспүрүмдөр кийин жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Eurekalert порталына таянып кабарлады.

Конкурс на лучший капучино в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кофе инфаркт дартынын алдын алабы? Окумуштуулардын иликтөөсү
Көптөгөн илимий изилдөөлөрдү анализдеп жатып, окумуштуулар кичине кезинде "жан дүйнөсү жараланып калгандар" кийин ар түрдүү ооруларга кабылып калышы мүмкүн экенин аныкташкан.

Илимпоздордун айтымында, үй-бүлөнүн бузулушу, ата-эненин арак ичип, баңгизатка берилип кетүүсү, курдаштарынын шылдыңына калып, сексуалдык, физикалык, эмоционалдык зомбулукка кабылуусу баланын жүрөгүнүн иштешине терс таасирин тийгизет.

Мындай учурга көп кабылган жаш балдар кийин инфракт, инсульт, гипертония жана кант диабетинин экинчи тобу менен жабыркашы толук мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0