Трамп: Петербургдагы теракты миңдеген адамдардын өмүрүн кыймак

© REUTERS / Joshua RobertsПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЦРУнун маалыматынан кийин Россиянын укук коргоо органдары Санкт-Петербург шаарында теракты уюштурууну пландаган "Ислам мамлекетинин" тарапташтарын колго түшүргөн

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында террактыны уюштурууга камынып жаткан топту кармоо иш-чарасы АКШ менен Россиянын кызматташуусунун үлгүсү  деп Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.

"Кечээ мага Россиянын президенти Путин телефон чалып, ЦРУнун террорчулар тууралуу маалыматы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул ишти алдын албаганда балким, миңдеген адамдар каза тапмак. Менимче, терроризм менен күрөшүү жаатында мамлекеттер арасындагы кызматташуу дал ушундай болушу керек", — деген Трамп Вашингтон шаарында сүйлөп жатып.

Россия президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Петербургдагы террорчулар жөнүндөгү маалымат үчүн Трампка ыраазы болду
Эске салсак, ЦРУнун маалыматынан кийин Россиянын укук коргоо органдары Санкт-Петербург шаарында теракты уюштурууну пландаган "Ислам мамлекетинин" тарапташтарын колго түшүргөн.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, жашырынып жүргөн топко чет өлкөдө турган жетекчилери Telegram аркылуу буйрук берип келген.

План боюнча жан кечти 16-декабрь күнү өзүн шаардагы маданий борборлордун биринде жардырмак. Топтун жети мүчөсү 13-14-декабрда кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0