22:18 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
55710

Ноябрь айында Лас-Вегаста өткөн сулуулук конкурсунда Ирак менен Израилдин сулуулары эки мамлекеттин мамилеси жакшы болсун деген ниет менен чогуу сүрөткө түшүшкөн

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. "Аалам сулуусу — 2017" сынагына Ирактын атынан катышкан Сара Идан "Израиль сулуусу" Адар Гандельсман менен чогуу сүрөткө түшкөнү үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу The Washington Times гезити жазып чыкты. 

Ноябрь айында Лас-Вегаста өткөн сулуулук конкурсунда Ирак менен Израилдин сулуулары эки мамлекеттин мамилеси жакшы болсун деген ниет менен чогуу сүрөткө түшүп, аны өздөрүнүн Instagram баракчаларына жарыялашкан. Кийин бул сүрөт Иракта катуу талкууга жем таштаган.

Басылманын билдиришинче, Иданга көптөгөн коркутуулар болгондуктан үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

"Аалам сулуусу" эл аралык конкурсу ноябрь айында Лас-Вегаста өтүп, 92 мамлекеттен келген сулуулар күч сынашкан. Анда жеңүүчү деп Түштүк Африка Республикасынан келген Деми-Ли Нель-Питерс табылган.

Тема боюнча

Кыргыз сулуусу "Мисс Интерконтиненталь" сынагына жолдомо утуп алды
Бишкектик кыз дүйнөлүк сынакта вице-мисс наамына ээ болду
Белгилер:
сулуулук сынагы, Сүрөт, селфи, Израиль, Ирак

ЭҢ МААНИЛҮҮ