"Ислам мамлекетинин" башчысы АКШнын Сириядагы аскер базасында кармалып турат

© AP Photo / Militant video, File"Ислам мамлекетинин" башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин архивдик сүрөтү
Ислам мамлекетинин башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аль-Багдади жети командири менен кошо Иракта кармалып, андан соң Эль-Хасака шаарына жеткирилген

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Америкалык аскерийлер "Ислам мамлекетинин" башчысы Абу Бакр аль-Багдадини колго түшүрүп, аны азыр АКШнын Сириядагы аскер базасында кармап турат. Бул туурасында РИА Новости түркиялык Yeni Şafak гезитине шилтеме берип кабарлады.

Басылма Аль-Багдади Иракта кармалып, алгач Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-эль-Айн шаарында аскерий базасына, андан соң Эль-Хасака шаарындагы жайга алып келингендигин жазды.

"Ислам мамлекетинин" башчысы менен кошо топтун жети командири колго түшүрүлүп, анын бирин Ирактын жараны өлтүрүп салган", — деп жазды гезит.

Өлүм жазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иракта террорчулук үчүн соттолгон 38 киши өлүм жазасына тартылды
Июнь айынын ортосунда Россиянын Коргоо министрлиги Ракка шаарынын жанында аль-Багдадинин аба космостук күчтөрдүн 28-майдагы соккусунан жок кылынды деген маалыматты текшерген. Кийинчерээк Пентагон анын тирүү экендигин кабарлаган.

Аль-Багдади (Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри — ред.) коомчулукка 2014-жылдын июль айында Мосул шаарын басып алып, Жакынкы Чыгышта "ислам халифатын" орнотом деп жар салгандан тартып чыга баштаган. Андан бери Аль-Багдадинин жок кылынгандыгы тууралуу басылма беттеринде бир нече ирет маалымат чыгып, бирок тастыкталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0