Түркия АКШнын Иерусалим боюнча чечимин өзгөртүү үчүн БУУга кайрыларын айтты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСитуация в Иерусалиме
Ситуация в Иерусалиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынбаса, анда БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылуу болорун кошумчалаган

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Түркия АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин жокко чыгаруу боюнча БУУга кайрылат. Бул туурасында Түркиянын президенти Тайип Эрдоган айткандыгын Синьхуа агенттиги жазды.

Жума күнү Конья шаарында АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныгандыгына каршы болгондордун митинги өткөн. Аларга Эрдоган видео кайрылуу жасаган. Анда Түркия БУУга АКШнын чечимин жокко чыгаруу боюнча резолюциянын жаңы долбоорун сунуштаарын айткан.

Протесты в разных странах против решения США по Иерусалиму - Sputnik Кыргызстан
Иерусалим чечими: дүйнөнүн чар тарабындагы мусулмандар АКШга нааразы болууда
Президент эгерде документ БУУнун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынбаса, анда БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылуу болорун кошумчалаган. 

АКШ президенти Дональд Трамп 6-декабрда Иерусалимди Израилдин борбору деп тааный турган жана аталган өлкөнүн Тель-Авивдеги элчилигин Израилге көчүрүү чечимин кабыл алгандыгын айткан.

Америка президентинин Израиль боюнча чечими аталган аталган өлкөдө ыраазычылык жаратканы менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, өзгөчө Жакынкы Чыгыш менен Палестинада сынга кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0