Forbes журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды атады

© AFP / PATRICK KOVARIK Бывший профессиональный баскетболист США Майкл Джордан
Бывший профессиональный баскетболист США Майкл Джордан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Forbes" журналынын версиясы боюнча футболчулар Криштиану Роналду 12-орунда, Лионель Месси 16-орунда турат.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Португалиянын курама командасынын жана мадриддик "Реал" клубунун футболчусу Криштиану Роналду Forbes журналынын версиясы боюнча эң көп киреше тапкан спортчулардын тизмесинде 12-орунда турат. Бул тууралуу аталган басылманын расмий сайты жарыялады. 

Көк бөрү оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш жылдын жыйынтыгы менен көк бөрү боюнча эң мыкты 10 команда аныкталды
Роналдунун айлык акысын, жарнамадан түшкөн каражатын, бардык бонустарын кошкондогу кирешеси 725 миллион долларга жеткен.

Ал ушуну менен "Барселона" клубунун оюнчусу, аргентиналык Лионель Мессинин негизги атаандашы болуп калды. Месси 600 миллион доллар кирешеси менен 16-орунда турат.

Рейтинг боюнча биринчи орунда америкалык баскетболчу Майкл Жордан турат, анын кирешеси 1,85 миллиард доллар.

Алдыңкы ондукка төмөнкү спортчулар кирген:

2. Тайгер Вудс (АКШ, гольф) – 1,7 миллиард доллар;

3. Арнолд Палмер (АКШ, гольф) – 1,4 миллиард;

4. Джек Никлас (АКШ, гольф) – 1,2 миллиард;

5. Михаэль Шумахер (Германия, "Формула-1") – 1 миллиард;

6. Фил Микельсон (АКШ, гольф) – 800 миллион;

7. Кобе Брайант (АКШ, баскетбол) – 800 миллион;

8. Дэвид Бекхэм (Англия, футбол) – 800 миллион;

9. Флойд Мэйуэзер кичүүсү (АКШ, бокс) – 785 миллион;

10. Шакил О'Нил (АКШ, баскетбол) – 735 миллион;

Жаңылыктар түрмөгү
0