Өтүп бараткан жылдын жаратылышта тартылган эң күлкүлүү сүрөттөрү тандалды

© AP Photo / Shizuo KambayashiЗоопарктагы морж. Архив
Зоопарктагы морж. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эле көргөндө күлкү келе турган башка сүрөттөр дагы аныкталган

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Comedy Wildlife Photography Awards сыйлыгынын калыстары 2017-жылы жаратылышта тартылган эң күлкүлүү сүрөттү аныкташты.

Талда конуп турган үч үкүнүн сүрөтү мыкты деп табылды. Сүрөттөн үкүлөрдүн бири кулап баратканын көрүүгө болот, аны венгер сүрөтчүсү Тибор Керц тарткан.

"Жерде" категориясы боюнча гүлгө чыгып алган талаа чычканынын сүрөтү мыкты аталды. Аны италиялык сүрөтчү Андреа Зампати тартып алган.

Австралиялык Трой Мэйндин балыкты "бетке" чапкан көңүлсүз таш баканын сүрөтү "Суу алдында" тартылган мыкты эмгек деп табылды.

"Асманда" категориясында шотландиялык Жон Трелфоллдун "ракета-куш" аттуу сүрөтү биринчиликти алды.

Сыйлыктын Facebook тармагындагы баракчасына кызыктуу башка сүрөттөр дагы жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0