Трамп Путинге эмнеге ыраазы болду? Ак үйдүн түшүндүрмөсү

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамп жана Россиянын лидери Владимир Путин. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Россиянын лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү Путин АКШдагы экономикалык өсүштү белгилеп, бул инвесторлордун Америкага ишеними бек экенинен кабар берерин кошумчалаган

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп анын өлкөсүндөгү экономикалык өсүштү мойюндаганы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдиргенин Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерске шилтеме берип РИА Новости жазды.

Бейшемби күнү Россия президенти маалымат жыйынында АКШдагы экономикалык өсүштү белгилеп, бул инвесторлордун Америкага ишеними бекем экенинен кабар берерин кошумчалаган.

"Путин АКШнын экономикалык жогорку көрсөткүчтөрүн баса белгилеп кеткенине президент Трамп ыраазычылыгын билдирди", — деди Сандерс.

Эки президент бейшемби күнү кечинде телефон аркылуу сүйлөшүп, кризистик жагдайлардагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө кеп кылышты. Мында Түндүк Корея маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ал эми Кремлдин маалымат кызматы бул сүйлөшүүнү АКШ лидери демилгелегенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0