Хуситтер Sputnik агенттигинин кабарчысын жана 40 журналистти кое берди

© REUTERS / KHALED ABDULLAHАвиаудары в Сане
Авиаудары в Сане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Козголоңчулар 2-декабрь күнү Йемендин борбору Санада Yemen Today каналынын кеңсеси жайгашкан телеборбордун имартына кирип барышкан.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Ансар Алла" шииттер кыймылынын хусит-козголоңчулары эки жума мурун кармалган "Аль Яман аль-Яум" телеканалынын 40 кызматкерин жана Sputnik агенттигинин штаттан тышкаркы кабарчысын кое берди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Российские летчики на авиабазе Хмеймим в Сирии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Путин Сирияда Россиянын эки аскер базасы жайгашарын айтты
Козголоңчулар 2-декабрь күнү Йемендин борбору Санадагы Yemen Today каналынын кеңсеси жайгашкан телеборбордун имартына кирип барышкан. Ал жакта Sputnik агенттигинин штаттан тышкаркы кабарчысы да бар болчу. Журналисттер козголоңчуларга каршы ачкачылык жарыялаган.

Куралдуу чыр-чатак Йеменде 2014-жылдан бери уланып келе жатат. Жакынкы аралыкка чейин бир жагында шииттердин "Ансар Алла" кыймылынын хусит-козголоңчулары, экс-президент Али Абдалл Салехтин армиясы турган. Бирок декабрдын башында Али Абдалл Салех өзүнүн союздаштары менен атышуу учурунда көз жумган. Экинчи жээкте Йемендин азыркы президенти Абд Рабби Мансур Хадинин тарапташтары, өкмөттүк аскерлер, кошуундар бар. Аларга Сауд Аравиясы башында турган араб коалициясы абадан жана жерден колдоо көрсөтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0