07:47 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1083 0 0

Владимир Путин дүйшөмбү күнү Сириядагы Хмеймим шаарындагы авиабазага барып россиялык аскерлердин Сирия аймагынан чыгып кетишине буйрук берген

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Америкалык президент Дональд Трамп Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлерин АКШ жок кылып, эми башка аймактардагы террорчулардын изине түшкөнүн жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Трамп террорчулар канчалык тез жайылып жатса, АКШнын аскерлери дагы ошончолук тездик менен алардын изине түшүп жатканын белгилеген.

Ал эми Россиянын Федеарация кеңешинин сенатору Алексей Пушков Сириядагы террорчуларды АКШ жок кылды деген Трамптын пикирине социалдык тармак аркылуу жооп кайтарды. Ал Ак үй башчысынын пикири америкалык тарыхчылардын "нацисттик Германия согушка АКШ кошулгандыгы үчүн жеңилген" деген риторикасын эске салганын билдирди.

"Бирөөнүн жеңишин өзүңөргө ыйгарып алганды токтоткула! Гитлерди жеңүү үчүн башкы ролду СССР ойноду. Ал эми АКШ экинчи фронтту ачуу үчүн үч жыл күтүп отурган", — деди ал.

Америкалык лидердин билдирүүсүнө Федерация кеңештин башчысы Константин Косачев дагы көңүл бурбай койгон жок. Анын айтымында, эгер АКШ террорчулардын изине азыркыдай түшүп жатса, согушкерлер тынчсызданбай эле койсо болот.

"Бир нерсени айтып коюу керек — эгер Америка согушкерлер менен азыркыдай күрөшүп "жеңип" жатса, анда террорчулар сүйүнө берсин. Анткени алар өздөрүн коопсуз сезе алат. Бирок, тилекке каршы, калган адамзатынын коопсуздугу коркунучта калат", — деди парламентарий.

Владимир Путин дүйшөмбү күнү Сириядагы Хмеймим шаарындагы авиабазага барып россиялык аскерлердин Сирия аймагынан чыгып кетишине буйрук берди. Президенттин айтымында, Россиянын аскерлери Сириянын өкмөттүк армиясы менен биргеликте "Ислам мамлекети" террордук уюмун жеңилүүгө дуушар кылды.

Россия Сирия бийлигинин суранычы менен 2015-жылдан бери аталган аймакта террорчулукка каршы операцияларды жүргүзүп келет. Ал эми АКШ өлкө бийлигинин уруксатысыз аймакка кирип келген.

Тема боюнча

Трамп Путин менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн Twitter баракчасына жазды
Сирия боюнча Астанадагы жолугушууну Пентагондун башчысы "натыйжасыз" деп атады
Белгилер:
Россия, Сирия, АКШ, "Ислам мамлекети" террордук тобу, терроризм

ЭҢ МААНИЛҮҮ