АКШда 2017-жылы көп пайдаланылган сөз аныкталды

© AFP / LAURIE DIEFFEMBACQКапкейки с флажками США
Капкейки с флажками США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөздүктүн түзүүчүлөрү жыл ичинде эң көп колдонулган сөздөргө саресеп салган

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Америкалык Merriam-Webster сөздүгүн түзүүчүлөрдүн тандоосу боюнча 2017-жылдын сөзү деп "феминизм" тандалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Картина Леонарда да Винчи Спаситель мира - Sputnik Кыргызстан
Мындай болгон эмес! Леонардо да Винчи тарткан сүрөт аукциондо рекорд койду
Аталган сөздү 2017-жылдын январында көп издешкен. Дал ушул маалда АКШда аялдардын бир катар жүрүштөрү катары менен өткөн. Ошондой эле "феминизм" сөзүнө болгон кызыгуу атактуулар арасындагы сексуалдык асылуулардын ачыкка чыгышы жана флешмобдордун өтүшү да түрткү болгон.

Андан срыткары, популярдуу сөздөрдүн арасында "эмпатия", "гироскоп", "ураган" жана "жаңылыштык" бар.

Буга чейин англис тилинин Collins dictionary сөздүгүн түзүүчүлөр "фейк жаңылыктар" деген сөздү жылдын сөзү деп табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0