АКШ: Манхэттендин борборунда жарылуу болду

© REUTERS / STAFFВзрыв в центре Манхэттена. Нью-Йорк
Взрыв в центре Манхэттена. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, колго жасалган бомбаны автобус терминалынын жанынан жардырышкан.

БИШКЕК, 11- дек. — Sputnik. Манхэттендин борборундагы автобекеттин жанындагы станцияда жарылуу болгондугун РИА Новости Нью-Йорктун полициясына шилтеме кылып билдирди. 

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, колго жасалган бомбаны автобус терминалынын жанынан жардырышкан. Жергиликтүү WABC телеканалы бир канча адамдын жарадар болгондугун кабарлады. Ал эми полиция бир кишинин жаракат алгандыгын айтып, өрт өчүрүүчүлөр анын эркек киши экендигин тастыктады.

​CNN тиешелүү кызматтар ал жерден дагы эки бомба табылгандыгын кабарлады.

"Бул боюнча бир адам кармалды. Ал эми жардырууну ким жасагандыгы азырынча белгисиз", — деп айтылат маалыматта.

​Жардыруу болгон жерде тиешелүү кызматтар иштеп жатат. Ал эми коопсуздукту сактоо үчүн метронун дагы үч тармагында эвакуация иштери жүрүүдө.

​Маалыматта жарылуу туурасында АКШнын президенти Дональд Трампка маалымдалганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0