Сирия алты жыл ичинде согушта жарым миллион жаранынан ажыраган

© REUTERS / Shailesh AndradeДамаск шаары. Сирия. Архив
Дамаск шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы 30-сентябрда Сирия президенти Башар Асаддын өтүнүчү менен Россия өлкөдө террорчулукка каршы операцияны баштаган

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Террорчулар менен болгон 2001-жылдан берки согушта Сирия 500 миң жаранынан ажыраган. Бул туурасында Москванын мусулмандар дин кеңешинин төрагасы, муфтий Альбир Кргановдун сөзүнө таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Сирияда куралдуу каршылык 2011-жылдан тарта уланып келет. БУУнун маалыматына караганда, чатактан 220 миң адам көз жумган.

Автомат көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки аялын, беш баласын алып Сирияга кеткен жарандын энеси: 8 баламан ажырадым...
"Сирия элинин трагедиялуу жети жылынын ичинде биздин мусулман бир туугандар мекени үчүн күрөшкөн 500 миң кишисинен ажырады. Бул өлкө абдан кыйын учурду башынан кечирип, биздин мамлекеттин колдоосунан улам жалган динчилердин азабынан кутулду. Согуш бир кезде өнүккөн, бакча сымал гүлдөгөн өлкөнү талкалады. Биз аларга мындан ары да жардам көрсөтүшүбүз керек", — деди муфтий Сирияны колдоо боюнча өткөн кайрымдуулук концертинде.

Иш-чарага катышып жатып Сириянын дин иштери боюнча министри Абдусаттар ас-Саид аталган өлкөнүн эли Россия элине жана президент Владимир Путинге "Ислам мамлекети" террордук уюмун талкоолоого көмөк көрсөткөн үчүн ыраазылыгын билдирди.

"Жети жылдан бери кыйын кырдаалда жашап келе жатабыз. Бул абалга бизди "Ислам мамлекети" террордук уюму кабылтты. Алар исламдын атын жамынып, динди бурмалагандар. Мен Сирия элинин жана өзүмдүн атымдан Россия элине, Россия президентине экстремизмден арылууга көрсөткөн көмөгү үчүн зор ыраазылык билдирем", — деди ас-Саид.

2015-жылы 30-сентябрда Сирия президенти Башар Асаддын өтүнүчү менен Россия өлкөдө террорчулукка каршы операцияны ишке ашырып, алардын объектилерине абадан сокку урууну баштаган.

Ал эми Россия президенти Владимир Путин 6-декабрда Ефрат дарыясынын эки жээгин бошотууда "Ислам мамлекети" террордук уюму толугу менен талкалангандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0