Украинанын депутаты тамак жеген идишин эмнеге жалаганын түшүндүрдү

© Sputnik / Александр Максименко / Медиабанкка өтүүУкраинанын Жогорку Радасынын депутаты Антон Геращенко. Архив
Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Антон Геращенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеону Украина президентинин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Андрей Портнов өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Антон Геращенко табагын эмнеге жалаганын Facebook баракчасында түшүндүрүп бергенин РИА Новости жазып чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамп: АКШ дүйнөлүк эки согушту тең жеңип, коммунизмди чөгөлөткөн
Белгилей кетсек, депутаттын тамак ичип бүткөндөн кийин табагын жалаган видеосу интернетке тарап, бир топ колдонуучуну күлкүгө салган. Аны Украина президентинин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Андрей Портнов өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.

Депутат видео сентябрь айында япониялык дипломаттар менен япон ресторанында тартылганын жазып, тамактардын бири аябай жакканын белгилеген. Япониялык дипломаттардын бири "эгер тамак жакса ашпозчуга ыраазычылык билдирүү үчүн табакты таптаза кылып коюу керектигин" айткан.

"Даамдуу жана ден соолукка пайдалуу тамактар боюнча адабияттарды окууну сунуштайм. Ошондой эле дүйнө элинин салттарын билүү керек", — деп депутат Геращенко Портновго жооп кайтарган.

Геращенко бул жерде уяла турчу эч нерсе жок экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0