Иерусалим маселеси боюнча мусулман өлкөлөрүнүн миңдеген жарандары митингге чыгышты

© AFP / Gali TIBBONАкции протеста в Иерусалиме
Акции протеста в Иерусалиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөгө чыккандардын колдорунан "Иерусалим — мусулмандардын ыйык жайы”, "Израиль — жан алгыч, АКШ — анын колдоочусу", “Кан, жаныбыз Палестина менен” деген сыяктуу жарнактарды кармап алганын көрсө болот.

БИШКЕК, 8-дек. – Sputnik. Бүгүн мусулман өлкөлөрүнүн жарандары АКШнын Иерусалим боюнча чечимине каршылык көрсөтүп, нааразычылык акциясына чыкканын РИА Новости агенттиги жазды.

​Маалыматка караганда, жума намаздан кийин Иордания, Түркия, Египет, Ирак сыяктуу мамлекеттердин жарандары көчөгө чыгып, жөө жүрүш уюштурушту. 

​Белгилей кетсек, шаршемби күнү Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, Тель-Авивдеги Американын элчилигин көчүрүү боюнча документке кол койгон. 

​“Нааразычылык акциясына саясий партиялардын мүчөлөрү, парламент өкүлдөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, элчилер жана диний ишмерлер катышты”, — деп айтылат маалыматта.

​Ошондой эле айрым шаардарда жүрүшкө чыккандардын саны жүздөп саналса, айрымдарында миңдеген адамдар жүргөнү белгиленди. 

​Алардын колунан "Иерусалим — мусулмандардын ыйык жайы”, "Израиль — жан алгыч, АКШ — анын колдоочусу", “Кан, жаныбыз Палестина менен” деген сыяктуу жарнактарды кармап алганын көрсө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0