Түркия: чек арадан аялды чемоданга салып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЧемодандар. Архив
Чемодандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кармалган адам сурак берип жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Түркиянын чек ара кызматы Грузиянын жаранын текшерүү учурунда анын чемоданынан аял чыккан. Бул тууралуу Yeni Safak басылмасы жазып чыкты. 

Итальянская полиция на франко-итальянской границе в Ментоне - Sputnik Кыргызстан
Италияда энеси чемоданга салып ыргытып ийген россиялык кыздын сөөгү табылды
Ага ылайык, Түркиянын Артвин провинциясындагы Сарп көзөмөл өткөрүү пунктунан Грузиянын жараны укук коргоо органдарынын көңүлүн өзүнө бурган. Чек арачылар ага баштыктарын ачууну талап кылган. Текшерүү учурунда чемодандан 22 жаштагы кыз чыга келген.

Учурда кармалгандан сурак алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Мындай көрүнүштөр буга чейин да катталган. Февраль айында аталган көзөмөл пунктунан чемоданга жашанып алып Түркияга кирүүгө аракет кылган Грузиянын эки жараны кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0