АКШ бийлиги дүйнө жүзүндөгү террордук кооптуулуктар боюнча эскертүү кылды

© AFP / PAUL J. RICHARDS Здание Госдепартамента в США. Архивное фото
Здание Госдепартамента в США. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалыктарга "саякат учурунда өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн абдан кыраакы болуп, абайлап жүрүү зарылдыгы" айтылды

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ дүйнөнүн булуң-бурчунда жүргөн жарандарына террордук кооптуулук боюнча эскертүү берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ситуация в Пальмире - Sputnik Кыргызстан
"Ислам кыймылы" террордук уюму Сириядан Пакистанга жылууда
АКШнын ТИМи 2017-жылдын 14-сентябрында "Америка ичиндеги жана чет жактарда жүргөн жарандарына карата болгон теракт кооптуулуктарынын, саясий зомбулуктардын уланып жатканы" тууралуу жарыяланган документти жаңыртты. 

Буга байланыштуу америкалыктарга "саякат учурунда өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн абдан кыраакы болуп, абайлап жүрүү зарылдыгы" айтылды.

"Мындан сырткары, террор кооптуулугунан улам жер кезгендер саясий окуялар тынчыбаган, зомбулук жана демонстрациялар болгон жерлерден алысыраак жүргөнү дурус", — деп айтылган маалыматта. 

Адатта мындай жагдайларда америкалыктарга коомдук жана атактуу жайларга барганда этияттап жүрүү эскертилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0