11:34 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Обложка Человек года года журнала Тайм

Time журналы "Жыл адамын" тандады

© REUTERS / HANDOUT
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
11510

"Жыл адамы" деп сексуалдык асылууларды айтып чыккан аялдардын тобу табылды

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Time журналы "Жыл адамы" деп сексуалдык асылуулар боюнча биринчи айтып чыгышкан Silence Breakers аттуу аялдардын тобун атады. 

Алардын арасында актриса Эшли Жадд, ырчы Тейлор Свифт, Uber компаниясынын экс-инженери Сьюзан Фаулер бар. 

Сексуалдык асылууларга дуушар болгонун айтып чыккандардын Me Too аттуу кыймылы түзүлгөн. Аталган кыймыл атактуу продюсер Харви Вайнштейн тарабынын асылууларга дуушар болгон учурлар ачыкка чыккандан кийин пайда болгон.

Буга чейин Time журналы жүргүзгөн онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында окурмандардын көбү Сауд Аравиянын мураскер канзадасы Мухаммед бен Салман Аль Саудду тандаган

Time журналы "Жыл адамын" 1927-жылдан бери тандап келет. Ал көпчүлүктүн көңүлүн буруп, бир катар маселелерди чечүүгө өбөлгө болгон таасирдүү кишилерге берилип келет.

Тема боюнча

Time журналынын окурмандары "Жыл адамын" тандашты
Өз аялымды ур-тепкиге алып, кызымды коркутуп... Бишкектик чоң муштумдун маеги
Белгилер:
аял, ЖМК, журнал
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ