ЖМК: Бельгияда кыргызстандык айдоочуну өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-ноябрда кыргызстандык жаран дайынсыз жоголуп кетти деп айтылган. Кийинчерээк анын сөөгүн Каунастан Клайпедге кеткен жолдогу трассадагы фуранын кабинасынан табышкан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бельгияда кыргызстандык айдоочу Николай Хлебаевди өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул туурасында Delfi деп аталган литвалык агенттик тартип коргоо органдарына шилтеме кылып билдирди. 

Буга чейин ал киши 28-ноябрда дайынсыз жоголуп кетти деп айтылган. Кийинчерээк сөөгүн Каунастан Клайпедге кеткен жолдогу трассадагы фуранын кабинасынан табышкан. Басылмалардын жазганына караганда, айдоочу бычактан алган жараатынан каза тапкан.

"Прокурор Дарюс Якутис кылмышка шектелген киши Бельгиядан кармалгандыгын билдирген. Азырынча улуту жана ким экендиги ачыкталбайт. Бир маалымат — ал Литванын жараны эмес", — деп жазган агенттик.

Күбөлөрдүн айтканына караганда, өлтүрүлгөн айдоочу достору менен болуп, кийинчерээк алардын ортосунда чатак чыгып кеткен.

Анткен менен прокурорлор бул маалыматтардан күмөн санап жаткандыгын айтышкан.

"Бул айтылгандарды таптакыр жокко чыгарып салууга болбойт, бирок анча ынандырбай турат", — деп айткан Якутис.

4-декабрда окуя болгон жерге полиция менен эксперттер келип, өлүмдүн себебин таба турган далилдерди чогултуп, иликтөө башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0