Грузиянын виносу Гиннес китебине киргизилди

© Фото / Грузинский национальный музейБолжол менен биздин заманга чейинки 6000-5800-жылдарга таандык делген вино идиши. Архив
Болжол менен биздин заманга чейинки 6000-5800-жылдарга таандык делген вино идиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шарап жасоонун байыркы ыкмасы Иранга таандык делип жүргөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Грузиянын вино жасоо ыкмасы дүйнө жүзү боюнча эң байыркы деп аталып Гиннес китебине киргизилди. Бул тууралуу РИА Новости уюмдун расмий сайтына таянып жазып чыкты.

Дүкөндөгү спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда спирт ичимдиктерине акциздик салыктын баасын көтөрүү сунушталууда
Маалыматка ылайык, археологдордон түзүлгөн топ Тбилисиден 50 чакырым алысыраак, болжол менен биздин заманга чейинки 6000-5800-жылдарга таандык делген эки жерде казуу иштерин жүргүзгөн.

Изилдөөнүн жүрүшүндө археологдор ичинде суюктук сакталган эки идиш тапкан. Химиялык изилдөөнүн натыйжасында алардын ичинде буга чейин шарап сакталганы аныкталган.

Буга чейин шарап жасоонун байыркы каадасы Иранга таандык деп айтылып жүргөн. Алар винону биздин заманга чейин 5400-5000-жылдары даярдап баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0