ЖМК: АКШнын улуттук коопсуздук кызматкери жашыруун документтерди үйүнө сактаган

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах
Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гезиттин жазганына караганда, Нгя Хоанг Фо маалыматтарды "резюмелерди көчүрүп алуу" үчүн алып чыгып турган

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. АКШнын улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Нгя Хоанг Фо жашыруун документтерди үйүндө сактагандыгын мойнуна алган. Бул туурасында РИА Новости New York Times гезитине шилтеме кылып жазды.

Мунун себебин "Касперский" антивирусу аялуу болгондуктан, орус хакерлеринин колуна түшүп калат деп чочулагандыгы" менен түшүндүргөн.

Буга чейин New York Times жана Washington Post басылмалары "россия операциясынын" жыйынтыгы менен Улуттук коопсуздук агенттигинин кызматкеринен жашыруун документтер уурдалып кеткендигин жазган. Ал маалыматтарды "Касперский" антивирусу орнотулган үйүндөгү компьютерине сактаган. Гезитте хакерлердин колуна бул эле эмес, Америка өкмөтүнүн башка документтери да түшүп калышы мүмкүн болчу деген түкшүмөл да жазылган.

Музей московской городской телефонной сети - Sputnik Кыргызстан
КМШда телефонду сырттан тыңшоо мүмкүнчүлүгүн жок кылган байланыштын жаңы түрү чыкты
АКШда күздөн тарта бийлик мамлекеттик мекемелердеги компьютерлерге "Касперский лабораториялары" антивирусун орнотууга тыюу салган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Нгя Хоанг Фо аталган агенттиктин долбоорлорунун биринин автору болгондугу ачыкка чыккан. Ал америкалык жана чет өлкөлөрдөгү компьютердик системадагы санкцияланбаган аракеттердин алдын алуу жана маалыматтарды топтоо боюнча иш алып барган.

Тартип коргоо органдары ал 2010-жылдан тарта 2015-жылдын мартына чейин жашыруун делген документтерди алып чыгып, үйүндөгү компьютерге сактагандыгын айтышкан. АКШнын Юстиция министрлигинин сайтында ага 10 жылга чукул мөөнөттөгү жаза берилери жазылган.

Гезиттин маалыматына караганда, Нгя Хоанг Фо маалыматтарды "резюмелерди көчүрүп алуу" үчүн алып чыгып турган.

Ал эми "Касперскийден" алар эч кандай өкмөткө кибершпионаж же кибер дүйнөдөгү аңдуу иштерине жардам бербей жана көмөк көрсөтпөй тургандыгын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0