Москва: "Шереметьево" аэропортунда аба ырайынан улам 20 каттам токтотулду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПрезентация самолета Bombardier CS300 в аэропорту "Шереметьево"
Презентация самолета Bombardier CS300 в аэропорту Шереметьево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Булардан сырткары 58 каттам кечирээк убакытка жылдырылган

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Москвадагы начар аба ырайынан улам "Аэрофлот" "Шереметьево" аба майданында ары-бери каттаган 20 рейсти токтотту. Бул туурасында РИА Новости аталган авиакомпаниянын сайтындагы маалыматка таянып кабарлады.

Буга чейин тогуз каттамдын токтотулгандыгы айтылган эле.

"Шереметьево" аэропортунун толук иштей албай жаткандыгынан улам "Аэрофлот" 2-декабрдагы каттамдарынын жүгүртмөсүн өзгөрттү", — деп айтылат маалыматта.

Деятельность Международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Тумандан улам "Манаста" каттамдар үзгүлтүккө учурап, эки сааттан соң калыбына келди
Тагыраагы, бүгүн Красноярск, Ростов-на-Дону, Минерал суулары, Дюссельдорф, Краснодар, Минск, Милан, Рим жана Стамбул ортосундагы учуулар токтотулган. Булардан сырткары 58 кечирээк убакытка жылдырылган.

Синоптиктер Москвадагы кардан, жамгыр жана шамалдан улам жаралган кооптуулукка сары деңгээл деп аныктама берди.

Аба ырайынын катаал шартынан улам учурда "Шереметьевонун" учуп-конуу тилкеси 55 каттамдын ордуна 20 каттамды кабыл алып жана учуруп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0