Кимдин Instagram баракчасы жана кимдин сүрөтү эң популярдуу экени аныкталды

© REUTERS / MARIO ANZUONIЦеремония American Music Awards в Лос-Анджелесе
Церемония American Music Awards в Лос-Анджелесе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Instagram социалдык тармагы бир жылдык отчетун чыгарып, колдонуучулардын саны 800 миллиондон ашканын жар салды

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Instagram социалдык тармагы колдонуучулар бир жылда кандай сүрөттөрдү бөлүшүп, кандай сүрөттөргө көп "лайк" басканын аныктап, алардын жыйынтыгын чыгарды.

Facebook компаниясына таандык болгон Instagram тиркемесин колдонгондордун саны 2017-жылы 800 миллионго жеткен. Бул тууралуу компаниянын тараткан маалыматында айтылат.

Эң көп "лайк" алган он сүрөт ырчы Бейонсеге (2 сүрөт), футболчу Роналдуга (2 сүрөт) жана америкалык дагы бир ырчы Гомеске (6 сүрөт) таандык.

2017-жылы америкалык ырчы Бейонсенин кош бойлуу кезинде түшкөн сүрөтү 11 миллион 184 миң 695 "лайк" алып, тизменин көч башында турат.

A Alana Martina acaba de nascer! Tanto a Geo como a Alana estão muito bem! Estamos todos muito felizes! ❤️

Публикация от Cristiano Ronaldo (@cristiano) Ноя 12 2017 в 12:19 PST

Экинчи орунду белгилүү футболчу Кристиану Роналдунун жаңы төрөлгөн баласы жана сүйүктүүсү менен төрөт үйүнөн түшкөн сүрөтү алган. Бул сүрөткө колдонуучулар 11 миллион 33 миң 693 "лайк" басышкан.

Үчүнчү орунга 10 миллион 317 миң 702 "лайк" менен ырчы Селена Гоместин ооруканада түшкөн сүрөтү илинген. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы менен күйөө баласы инаугурация аземинде - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: Жээнбековдун элге чыккан кыз-күйөөсү
Ал эми Instagram баракчасында эң көп белгиленген (геотегдин негизинде аныкталган) 10 шаардын башында Нью-Йорк турат. Андан кийин Лондон болсо, үчүнчү орунду Москва шаары ээлеген. Андан кийинки орундарга Бразилиянын Сан-Паулу шаары, Париж, Лос-Анжелес, Санкт-Петербург, Жакарта, Стамбул жана Барселона калаалары татыган.

Эң көп киши жазылган баракчалардын алдында ырчы Селена Гомес турат. Анын баракчасына 130 миллиондон ашык колдонуучу жазылган. 116 миллиондон ашык кишиси менен экинчи орунду Криштиану Роналду ээледи. Америкалык ырчы, актриса жана модель Адриана Гранде үчүнчү орунда турат. Анын баракчасын 115 миллиондон ашык киши жактырган.

Алдыңкы ондукта Бейонсе, Ким Кардашьян, Тэйлор Свифт, Кайли Женнер, Дуэйн Жонсон, Жастин Бибер жана Кендалл Женнер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0