БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Белгисиз бирөөлөр Мексиканын Гвадалахара шаарынын көчөлөрүнө кишинин денелери салынган муздаткычтарды таштап кетишкен. Бул туурасында РИА Новости Proceso журналына таянып маалымат чыгарды.
Басылма Televisa Guadalajara телеканалынын алдына орнотулган тиричилик техникадан эки кишинин башы чыкканын кабарлаган.
Муздаткычтын ичинен коркуткан катты таап алышкан. Алардын бири жергиликтүү сотко, ал эми экинчиси Халиско штатынын полициясынын жетекчисине багытталган.
Эки "дубай саламдын" аягында аталган аймактагы "Халиско – жаңы муун" баңгизат ташуучулар тобунун аталышына дал келген C.J.N.G. инициалдар коюлган.
Аталган картель Мексикадагы кылмыштуу ири топтордун бири деп эсептелип келет. 2015-жылы анын мүчөлөрү Гвадалахара шаарына чабуул жасап, тик учакты атып түшүргөн.