ЖМК: Түркияда гүленчи делген 343 аскер кызматкери кармалды

© REUTERS / Murad SezerТүркиянын аскер кызматкерлери. Архив
Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын 16-июлунда козголоңчулардын тобу аскерий төңкөрүш жасоого аракет кылган. Натыйжада 240 түрк жараны каза таап, эки миң адам жаракат алган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Түркиянын коопсуздук күчтөрү дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар делген 360 адамды, анын ичинде 343 аскер кызматкерин кармоо үчүн атайын операция жүргүзүп жатат. Бул тууралуу NTV каналына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, камакка алуу ордерин Стамбулдун прокуратурасы берген.

Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган и президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Трамп Эрдоганга Гүленди берүү маселесин кайра карай турганын убадалады
2016-жылдын 16-июлунда козголоңчулардын тобу аскерий төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги кагылыш Анкара менен Стамбулда болгон. Анын кесепетинен 240 түрк жараны каза таап, эки миң адам жаракат алган. Кийин төңкөрүш басылып, 50 миңден ашык адам камакка алынып, 140 миң мамлекеттик кызматкер иштен айдалган.

Түркиянын бийлиги мамлекеттик төңкөрүш жасоого Фетхуллах Гүлендин тиешеси бар деп айыптаган. Ал эми АКШда жүргөн Гүлен төңкөрүш жасоо аракетин сындап, ага анын эч кандай тиешеси жок экенин жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0