21:46 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7971
  • EUR95.6130
  • RUB1.1437
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
387 0 0

Чымын ашказан, он эли ичеги жарасына, гастрит, дуоденит оорусуна ал тургай ашказан рагынын пайда болушуна алып келээрин окумуштуулар айтышты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Чымындар өзүнө көптөгөн коркунучтуу бактериаларды алып жүрөөрүн Рио-де-Жанейро университетинин окумуштуулары иликтеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Илимпоздор Түндүк, Түштүк Америкада жана Евразияда кармалган бөлмө жана эт чымынынын 116 түрүнөн анализ алышкан. Натыйжада микробдор чымындын буттарында жана канатында жайгашаары аныкталган.

Ошондой эле эт чымындарына караганда бөлмө чымындары кыйла коркунучтуу экени белгилүү болгон. Тагыраагы, бөлмө чымындары 351 зыяндуу микроорганизмдерди алып жүрсө, эт чымындары микробдун 316 түрүн алып жүрөт.

Мындан улам окумуштуулар чымындар биз ойлогондон да коркунучтуу ооруларды өздөрү менен кошо ала жүрөт деген тыянакка келишкен. Окумуштуулар он эли ичеги жарасы, гастрит, дуоденит оорусуна ал тургай ашказан рагынын пайда болушуна алып келээрин айтышкан.

Тема боюнча

Окумуштуулар: чылым чеккен аял шал бала төрөшү мүмкүн
Коңуруктун балага кандай коркунучу бар экени аныкталды
Белгилер:
Рио-де-Жанейро, чымын-чиркей, оору

ЭҢ МААНИЛҮҮ