БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Түштүк африкалык Деми-Ли Нель-Питерс (Demi-Leigh Nel-Peters) жыл сайын өтүүчү "Аалам сулуусу" сынагында жеңүүчү деп аныкталды. Бул туурасында сынактын расмий Twitter баракчасына маалымат чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Деми-Ли Нель-Питерсти — "Аалам сулуусу" сынагынын жеңүүчүсүн куттуктайбыз", — деп айтылган анда.
Congratulations to Demi-Leigh Nel-Peters, the winner of the 2017 #MissUniverse competition! pic.twitter.com/JYuQYc3Lvo
— Miss Universe (@MissUniverse) 27 ноября 2017 г.
Аны уюштуруучулар сулуулар дүйнөсүнө "эже-сиңдиликке кош келипсиң" деп тосуп алышкан.
Ааламдын чүрөктөрүн тандоо АКШнын Лас-Вегас калаасында өттү.
"Аалам сулуусу" сынагы 1952-жылдан тарта уюштурулуп келет. 1996-2015-жылдары бул сынак АКШнын учурдагы президенти Дональд Трампка тиешелүү болуп келген.