ЖМК: Трамп Эрдоганга Гүленди берүү маселесин кайра карай турганын убадалады

© AFP 2023 / Brendan SmialowskПрезидент Турции Реджеп Тайип Эрдоган и президент США Дональд Трамп
Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган и президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия президенти сүйлөшүүлөр "абдан конструктивдүү маанайда өткөндүгүн" кошумчалаган

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүү учурунда Фетхуллах Гүленди берүү маселесин кайра кароого убада бергендигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Эрдогандын "мен Трамптан Гүленди экстрадиция кылууну дагы бир ирет сурандым. Ал карап чыгууга убадасын берди", — деп айтканын Hurriyet басылмасы жазды.

Түркиянын желегин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Германиядан төңкөрүш боюнча 81 адамды берүүнү талап кылды
Түркия президенти сүйлөшүүлөр "абдан конструктивдүү маанайда өткөндүгүн" кошумчалаган.

2016-жылдын 16-июлдун түнүндө көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган. Бул аракеттер катуу күч менен басылган. Түркияда аталган окуядан кийин 50 миң киши камакка алынып, мамлекеттик 140 кызматкер ишинен бошотулган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине диний аалым Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0