Нойвирт Кончита Вурст сакалчан аялдын образынан кетүүнү чечти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФинал международного конкурса песни "Евровидение-2014"
Финал международного конкурса песни Евровидение-2014 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жашоону саякат менен салыштырып, бул өмүрдө жасашым керек деп тизмектеп алган максат-пландары менен бөлүшкөн

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Австриялык артист Томас Нойвирт бир нече убакыттан кийин сакалчан аял Кончита Вурст болбой тургандыгын жана башка иш менен алектенээрин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Болливуд ырчысы Ысык-Көлдө тартылган клибин жарыялады - Sputnik Кыргызстан
Болливуд ырчысы Ысык-Көлдө тартылган клибин жарыялады
Ал Россияга, Петербург шаарына келип, кийинки пландары туурасында агынан жарылып айтып берген. Азыркы образынан кетиши "драмалуу жана арышы кенен болорун" баяндаган.

Россия ага жаккандыгын жана Петербург шаарына таасирленгендигин жар салып, "бул шаар сепилдердин ичндеги сепил экен. Мен алардын бири сатып алууну каалайм", — деген.

Ал жашоону саякат менен салыштырып, бул өмүрдө жасашым керек деп тизмектеп алган максат-пландары менен бөлүшкөн.

"Алардын баары эле парик кийип, кирпик чаптап алуу менен байланышкан эмес. Учурда Кончитаны катары экинчи музыкалык альбомумду жазып жатам. Бүткөндөн кийин ушул амплуада гастролдук турга чыгам", — деген ал.

Артист режиссер болуп, тасма жаратып, актерлорду башкарып, ал тургай аларды тескеп, урушуу кыялы менен бөлүшкөн.

"Кинодон сырткары, чыгармачылык менен алектенип, кийим тиксем деген ойлорум бар", — деген Кончита.

Австриялык артист 2014-жылы Копенгагенде өткөн "Евровидения" музыкалык сынагында сакалчан аялдын образында чыгып, сенсация жараткан. Буга коомчулук ар кандай пикирлерин билдирип, бир катарлары айыптай тургандыгын айтышса, бир тобу жактап чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0