Түркияда өлтүрүлгөн РФ элчиси: "TRT Avaz" телеканалынын продюсери кармалды

© AP Photo / Burhan Ozbilici2016-жылы 19-декабрда атып өлтүрүлгөн Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов. Архив
2016-жылы 19-декабрда атып өлтүрүлгөн Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Андрей Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарадагы көргөзмө учурунда киши колдуу болгон

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча териштирүүнүн жүрүшүндө TRT "TRT Avaz" телеканалындагы "Eko Avaz" программасынын мурдагы продюссери, "Гуру Медия" басылмасынын жетекчиси Х.А камакка алынганын түрк ЖМКлары жазып чыкты.

Россия президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Россия Түркияда киши колдуу болгон Карловдун ордуна жаңы элчи дайындады
Белгилей кетсек, 2016-жылы 19-декабрда Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөсүн ачып жаткан учурда Мевлүт Мерт Алтынташ тарабынан атып өлтүрүлгөн. Анкаранын прокуратурасы кылмыш ишин териштире баштаган.

Маалым болгондой "Гуру Медия" басылмасынын жетекчиси Х.А Анкара сотуна алып келинип тергөө ишин жүргүзүп жаткан прокурорго сурак берген. Андан соң ага адам өлтүрүүгө ниет кылган деген айып тагылып камакка алынган.

Айрым маалыматтарга ылайык, Х.А буга чейин FETO (Фетхуллах Гюлендин оппозициялык ислам уюмуна үгүттөө) уюмунда иштеген деп шектелип кармалган. Бул боюнча ал ишти моюнуна алып, бирок 2008-жылы ишмердүүлүгүн токтоткон. Тергөөнүн жүрүшүндө ал 2012-2013-жылдары да FETO уюмунун мүчөсү Ондер Айтач менен жашыруун түрдө телефон аркылуу сүйлөшкөнү аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0