Кытайда цирктеги жолборс мас кишинин эки манжасын жулуп алды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүШоу победителей фестиваля циркового искусства "Идол"
Шоу победителей фестиваля циркового искусства Идол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Хэнань облусунда болгон. Анда улгайган мас адам жырткычты акча менен тамактандыргысы келген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кытайда цирктердин биринде жолборс улгайып калган адамдын эки манжасын тиштеп жулуп алды. Бул тууралуу РИА Новости South China Morning Post гезитине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя Хэнань облусунда катталып, анда улгайган мас адам жырткычты акча менен тамактандыргысы келген.

"Күбөнүн айтымында, 65 жаштагы эркек адам темир тордо жаткан арстан менен жолборско барып, аларга акча сунат. Арстан берген акчаны алып, чайнап кирген. Бир убакта жолборсадамдын оң колунан тиштеп, кое бербей койгон. Бул учурда жардамга цирк кызматкерлери келип, жырткычтарды темир таяк менен кубалашкан. Бирок жабыркаган адамдын колу канап, эсин жоготкон. Жолборс анын эки манжасын тиштеп жулуп алганы маалым болду", — деп жазылат маалыматта.

Окуядан кийин эркек киши ооруканага жаткырылып, учурда абалы жакшы. Жакындарынын айтымында, ал циркке бараарда спирт ичимдигин ичкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0