Польшада парламент жекшембиде соодага тыюу салууга ниеттенип жатат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүГорода мира. Варшава
Города мира. Варшава - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөө койгон мыйзамга депутаттардын 254ү макул десе, 156сы каршы чыккан.

БИШКЕК, 25-ноя. – Sputnik. Польшанын парламенти жекшемби күнү соода кылууга тыюу салган мыйзам кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Чектөө койгон мыйзамга депутаттардын 254ү макул десе, 156сы каршы чыккан.

Porsche автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Польшада чиркөө кызматкери элдин каарынан улам Porsche унаасын сатты
Жекшембидеги соодага тыюу 2018-жылдын март айынан башталат. Бул күндөн тарта дүкөндөр айдын биринчи жана акыркы дем алыш күндөрү ачык болот. Ал эми 2019-жылдан тарта соода жайлары айдын акыркы жекшембисинде гана иштесе, 2020-жылдан тарта мыйзам толугу менен күчүнө кирмекчи.

Мыйзамда анткен менен уруксат берилүүчү бир нече учурлар бар. Маселен, интернет-дүкөндөр жана май куюучу бекеттеги соода кылуучу жерлер иштей берет. Белоруссиянын гана жашоочулары польша дүкөндөрүнө 100 миллион евро таштай алат.

Мыйзамды жактагандар муну Чыгыш Польшанын чек арасындагы жайлардын соодасынын кыскарышына байланыштырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0